Орусиядагы көк бөрү боюнча мелдешти Москва шаарынын командасы жеңди

Орусияда өткөн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеште Чыңгыз Айтматов Кубогун Москва шаарынын командасы утуп алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Экинчи орунду Иркутск, үчүнчү орунду Подольск шаарынын командасы алган.

Оюндун жыйынтыгы боюнча Москва командасынан Бообек Шекербек уулу мелдештин "мыкты оюнчусу", ал эми Иркутск командасындагы "Бойка" аттуу ат "мыкты аргымак" деп табылган.

Мелдеш кечээ, 13-июнда Сергиев Посад шаарынын Благовещенск талаасында өткөн. Ага Кыргызстандан барган "Атуул" командасы, Орусиянын Иркутск, Подольск шаарларынан жана Москва облусунан үч команда катышкан. Орусиялык командаларга экиден кыргызстандык көк бөрүчү кошулуп ойногон.

Белгилей кетсек, мелдеш Орусия жана Евразия элдеринин V "Русский мир" фестивалынын алкагында Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылына арналып өткөрүлгөн.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД