
Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан жапа чеккен баткендиктер 82,5 миллион сомдон ашык жардам алышты. Бул тууралуу Экономика министрлигинин 17-майда тараткан маалыматында айтылат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 2 миллион сомдон ашык каражат түшсө, өкмөттүн атайын эсебине 80,5 миллион сом каражат келип түшкөн.