Таласта рейд учурунда мыйзамсыз сакталган 18 мылтык алынды

Талас областынын аймагында жарандар тарабынан мыйзамсыз сактоодо жүргөн ок атуучу куралдар өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча иш чаралар улантылууда. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас областы боюнча 2022-жылдын 20-22 апрель күндөрү өткөрүлгөн "Арсенал" рейдинин жүргүзүлгөн иш чараларына жалпы 125 кызматкер иш алып барган.

"Арсенал" рейдинин жүрүшүндө эң негизги иш чаралар мыйзамсыз сактоодогу ок атуучу куралдар ок дарылар жарылуучу заттарды аныктоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3 февралында № 50 сандуу токтомунун негизинде Талас облусунун аймагында эл арасында мыйзамсыз сактоодо турган ар кандай ок атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшыруусун жана ошондой эле тапшырылган ок атуучу куралдар өздөрүнүн пайдасына мыйзамдаштыруусуна түшүндүрмөлөр берүү үчүн багытталган. Мындан тышкаары ок атуучу куралы бар ээлери менен ок атуучу курал менен колдонулган кылмыш, окуя болтурбоо боюнча профилактикалык иш чараларды жүргүзүү, ошондой эле ок атуучу курал менен колодонууда коопсуздук эрежелери туралуу сактоо жана аткаруу, ошондой эле Талас облусунун аймагында каттоодо турган ок атуучу куралдарды тейлеген аймактан сырткары чыгып кетишине бөгөт коюу.

Тактап айтсак, аталган жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин жүрүшүндө жарандардан жалпысынан 18 ок атуучу курал алынган анын ичинен 17 сайсыз жана 1 сайлуу ок атуучу курал. Тактап айтканда, Манас районунан 8 сайсыз, Кара-Буура районунан 2 сайсыз,1 сайлу, Бакай-Ата районунан 5 сайсыз, Талас районунан 2 сайсыз, Талас шаарынан ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшыруу фактысы катталган эмес. Мындан тышкары МУУры тарабынан тейлеген административдик аймактарында 480 ок атуучу куралдары бар жарандардын турак жайларындагы ок атуучу куралдардын сактоо эрежелери текешерилип натыйжада жалпы 23 административдик протокол түзүлгөн, анын ичинен ок атуучу газ пневматикалык ыргытма жана электрдик куралын каттоо мөөнөтүн бузгандыгы үчүн 134 берене менен 11 административдик протокол түзүзүлгөн, ок атуучу газ пневматикалык ыргытма жана электрдик куралын сактоо жана ташуу 133 берене менен 12 протокол түзүлгөн жана ошондой эле башка беренелер менен 49 протокол түзүлгөн.. Жалпы түзүлгөн жарандарга түзүлгөн административдик протокол боюнча 49000 миң сом айып салынган.

МУУры тарабынан рейд жүрүшүндө ар бир ок атуучу куралы бар ээлер менен ок атуучу курал менен алып жүрүүдө жана колдонууда коопсуздукту сактоо, алып жүрүүнүн жана сактоо эрежелерин бузбоо боюнча профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жалпысынан 235 милдеттемеге кол тамгасын койдуруп тапшырган. Мындай иш чаралар Талас ОИИБи тарабынан мындан ары дагы уланууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД