Милиция үйүнө кайткан баткендиктерге: Снаряд көрсөңүз бизге билдириңиз!

ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов Баткендеги учурда абал тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, милиция кызматкерлери күнү-түнү биргелешкен кайгуулдарды жүргүзүүдө.

"Биргелешкен ыкчам тергөө топтору талкаланган имараттарды жана турак жайларды кароо жүргүзүү ишин улантууда. Айыл аймактарына айрым үй ээлери айылдарына, үйлөрүнө кайтууда. Учурдан пайдаланып, ошол айылдарга келген жарандарга эскертип кетели, айыл ичинде же короодо, үйдө жарылбай калган снаряддар же шектүү буюмдарды байкасаңыздар, өз алдынча чара көрбөй, ал нерселерге жакын жолобой дароо кайгуулда жүргөн топторго же иш алып барып жаткан ыкчам топторго билдирсеңиздер", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД