ИИМдин Орусиядагы өкүлү Москвадагы мекендештер менен жолугушту

ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлү мекендештери менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлү менен мекендештердин жолугушуусу болуп, анда миграциялык мыйзамдарды бузуунун алдын алуу маселелери талкууланды.

2022-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин имаратында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Москва шаарындагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспорасынын жетекчилери, ИИМдин пенсионерлери жана ардагерлери менен биринчи таанышуу жолугушуусу уюштурулган.

Мекендештер менен жолугушууда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Уюшкан кылмыштуулукту координациялоо бюросунун (КМШ УККБ) директорунун орун басары милициянын полковниги Аскат Алиев Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги жаңы өкүлү Исмайил Сагыналиевди тааныштырды.

Бул иш-чарада катышуучуларга ИИМдин Өкүлчүлүгүнүн жүргүзүп жаткан иштери жана ишмердүүлүгү жөнүндө, чек арада болуп өткөн Куралдуу жаңжалдан кийин Кыргыз Республикасындагы коомдук-саясий кырдаал жөнүндө кыскача маалымат берилди. Мындан тышкары Россия Федерациясында кабыл алынган жаңы мыйзамдар, жарым-жартылай мобилизация жөнүндө маалыматтар түшүндүрүлүп берилди.

Чакырылган коноктор сөз сүйлөп, ар кандай темаларды көтөрүштү. Мигранттар арасындагы кылмыштуулуктун абалы, улуттар аралык чыр-чатактын алдын алуу, миграциялык мыйзамдардын бузулушунун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланды. Россия Федерациясында болуп жаткан акыркы окуялар, анын ичинде Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүн жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялоо жөнүндө Россиянын Президентинин Жарлыгы каралып, бул темада азыр Россия Федерациясынын жарандары болгон мекендештер арасында мыйзамдын сакталышы, аскердик милдеттен качкандарга карата мамиле тууралуу кызуу талкуулар болду.

Жыйындын катышуучулары мындай форматтагы жолугушууларды мындан ары да өткөрүүнү, жарандарыбыздын мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу көйгөйлүү маселелерди талкуулоого көбүрөөк көңүл буруу жагы зарыл экендигин айтышты. Россия Федерациясында жайгашкан мекендештердин тийиштүү маалыматтар менен кабардар болуусуна багытталган биргелешкен иш-чаралар тууралуу макулдашылды.

Диаспора жетекчилери, пенсионерлер жана Ички иштер министрлигинин ардагерлери жолугушууну уюштургандарга ыраазычылык билдирип, алардын жаңы иштерине ийгиликтерди каалап, мындан ары да мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн тыгыз жана жемиштүү кызматташууга тилектеш экендигин билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД