"Каганат" каза болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө үй куруп берүүгө даяр

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан мекенин коргоо үчүн жанын берген 40 жоокердин үй-бүлөлөрүнө "Каганат" коомдук фонду Бишкек шаарында батирлерди куруп берүүгө даяр. Бул тууралуу аталган коомдук фонддун жетекчиси Нургалы Асаналиевдин президенттин атына жазылган билдирүүсүндө айтылат.

"Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Биз, Кыргыз Республикасынын бардык жарандары сыяктуу эле 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунун аймагында болгон окуяларга тынчсыздануу жана кайгыруу менен көз салып турдук жана бул окуяларды алдын ала пландалган биздин Ата Мекенибизге каршы Тажикстандын куралдуу баскынчылык актысы катары баалайбыз.

Биз эки өлкөнүн ортосундагы бардык талаш-тартыштар тынчтык жолу менен саясий жана дипломатиялык ыкмалар аркылуу сүйлөшүү жолу менен чечилүүгө тийиш деп эсептейбиз.

Тажикстандын куралдуу агрессиясынын натыйжасында каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы саны 59 адамды түздү, анын ичинде 40 аскер кызматкери бар. Андан тышкары 144 адам жаракат алды.

Ошондой эле биздин мамлекет эбегейсиз экономикалык чыгашага дуушар болду.

​Урматтуу Садыр Нургожоевич, каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көнүл айтабыз жана аскердик милдетин аткарууда эң жогорку бааны төлөгөн, башкача айтканда, жанын берген 40 жоокердин үй-бүлөлөрүнө Сиздин колдооңуз менен "Каганат" коомдук фонддун эсебинен Бишкек шаарында батирлерди курууну тез арада баштап, эки жылда тапшырганга даярбыз.

Урматтоо менен,

"Каганат" ККФ жетекчиси ​​​​Асаналиев Н.С.", - деп кайрылуу жолдогон ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД