Тажикстандын кол салуусу: Каза болгондордун саны 62 адамга жетти

Баткен облусунда куралдуу кагылыштан каза болгондордун саны 62 адамга жетти. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Жабырлануучулар – 198, анын ичинен 61 амбулатордук дарыланууга дайындалган.

Жабыркагандардын жалпы санынан:

Балдар - 13

Эркектер- 171

Аялдар - 14

▪️Каза болгондордун саны 62ге жетти.

Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө үчөөнүн абалы туруктуу, калгандарынын абалы орточо жана салыштырмалуу канааттандырарлык.

Бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД