Жаза аткаруу кызматы Ырыскелди Жекшеналиевдин абалы боюнча маалымат берди

Жаза аткаруу кызматы тергөө изоляторунда отурган айыпталуучу Ырыскелди Жекшеналиевдин ден соолугу боюнча маалымат таратты.

Бишкек шаарындагы № 1 тергөө абагынын медициналык бөлүмүнүн жетекчилиги тарабынан даярдалган расмий билдирүүгө ылайык, айыпталуучу Ы.А. Жекшеналиев 2022-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын дарыгерлери тарабынан текшерүүдөн өтүп, ага эки бөйрөгүнүн, ички органдардын УЗИден өтүүсү, МРТ жана кардиологдун консультациясы сунушталган.

Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында айыпталуучу Ы.Жекшеналиев Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин аскер кызматкерлеринин коштоосунда "Юрфа" медициналык борборуна жеткирилип, баш мээсинин жана бел омурткасынын МРТсы, ошондой эле ЭКГсы тартылган.

№6 ҮМБнун директору менен макулдашуу боюнча 29-сентябрда №1 тергөө изоляторуна кардиолог-дарыгер мекемеде отурган бейтаптарга консультация берүү үчүн жөнөтүлөт. Айыпталуучу Ы.Жекшеналиев да ал дарыгер тарабынан консультациядан өтөт.

Ошондой эле 23-сентябрда Ы.Жекшеналиев ден соолугуна арызданганда дароо жарандык тез жардам бригадасы чакырылганын кабарлайбыз. Анын кызматкерлери айыпталуучуну текшерип, бирок ооруканага жаткыруу үчүн эч кандай негиз жок экенин айтып, кетип калышкан.

Учурда Ы.Жекшеналиевдин жалпы абалы канааттандырарлык, ал №1 тергө изоляторунун медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД