Бийбосунов Лейлек районунун жана Сүлүктүнүн милиционерлери менен жолугушту

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Баткен облусунун Лейлек районунун Андаркен айылындагы жана Сүлүктү шаардык ички иштер органдарынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушууда милиция бөлүмдөрүндө өздүк курамы менен кошумча күчтөрдүн иш алып баруусу менен таанышып, кошумча тапшырмаларды берди. Ошондой эле алардын уюштуруучулук жана камсыздандыруу иштери менен таанышып чыкты.

Андан сырткары, Сүлүктү шаарында шаардык кеңешинин депутаттары жана эл активисттери менен жолугуулар өттү.

Өз кезегинде кызматкерлердин баары күжүрмөн экендигин, өлкө үчүн өздөрүнө белгиленген кызматтык милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарып жатышкандыгын белгилеп кетти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД