Бишкекте баткендиктерге кеңеш берүү үчүн 4 пункт ачылды

Бишкекте баткендиктерге кеңеш берүү үчүн 4 пункт ачылды.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, республикалык штабдын ишинин аякташына байланыштуу борбордо Баткен районунун тургундары үчүн 4 пункт ачылды. Эгер кандайдыр бир суроолор жаралса Баткен тургундары аталган пункттарга кайрыла алат.

Пункттар төмөнкү даректерде жайгашкан:

- Биринчи май райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Жибек Жолу проспектиси, 495, маалымат үчүн телефон: 0(312) 670433, 0700 020167;

- Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Чүй пр., 28, маалымат үчүн телефон: 0(312) 530368, 0702148830;

- Бишкек шаарынын Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Байтик Баатыр көчөсү, 17, тел. 0312 51-02-63, 57-04-59;

- Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: Литвенко көчөсү, 2, маалымат үчүн телефон: 0(312) 653748, 653926.

Белгилей кетсек, борбор калаанын мэриясы республикалык штабды материалдык-техникалык жактан камсыздап, Бишкек шаарынын мэриясынын жана муниципалдык администрациялардын жооптуу кызматкерлери тарабынан келип түшкөн гуманитардык жардамды кабыл алуу, каттоо жана жөнөтүү боюнча күнү-түнү нөөмөт уюштурган.

Бишкек мэриясы жарандарга, волонтерлорго жана активисттерге активдүү жарандык позициясы жана кыйын күндөрдө Баткен элине көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД