41 жаштагы жаранды бычактап өлтүргөн деп аялы кармалды

Кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 25-сентябрда болжол менен саат 04:26 чамасында "102" кызматына 11-кичи районундагы үйлөрдүн биринде бычактан жарат алып, Р. аттуу жаран жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1981-жылы туулган Р. Р. аттуу жаран төшүнөн бычактан жаракат алып, жерде жансыз денеси жаткандыгы аныкталган.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери кылмыш изи суй электе, кылмышка шектүү катары маркумдун 1983-жылы туулган Б. Н. аттуу жубайын кармашып, Октябрь райондук ИИБнин Тергөө кызматына жеткиришкен.

Кармалган жаран өз сөзүндө үй бүлөлүк чыр чатактан улам өзүнүн жолдошун бычак менен сайып жибергендигин билдирген.

Бул факты Октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД