Равшан Сабиров кызматынан бошотулду

Равшанбек Сабиров Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчилигинен бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 71-беренесинин негизинде, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД