ИИМ: Жарандар күмөндүү телефон чалуулардан сак болуулары керек

Интернет глобалдык маалыматтык-коммуникациялык тармак болуп саналат, бирок ошол эле учурда маалыматтык технологияларды колдонууга байланыштуу кылмыштардын кескин өсүшүнө шарт түзөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы (КИББ) жарандарды алдамчылардын торуна түшүп калбаш үчүн сак болушу керектигин эскертет. Алдамчылар оңой эле ишенимге кирип, тигил же бул кызматтарды жана мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап, жарандардан акча каражаттарын алдап алып, опузалап талап кылуу менен алектенишет. Телефондорду пайдалануу менен жарандарды алдоо менен алектенгендер көбөйүүдө.

ИИМдин КИББи жарандарды алдамчылыктын бир катар белгилерине көңүлүн бурат: алдамчылар адатта түздөн-түз төлөө ыкмасы жөнүндө сүйлөшүүгө өтүшөт, банк картасынын толук реквизиттерин, жарактуулук мөөнөтүн жана кодун атоону, төлөм жүргүзүү үчүн зарыл болгон уюлдук телефонго сизге келе турган ар кандай коддорду кабарлоону суранышат.

Мисалы, чоочун адамдар кандай-бир бир уюмдан экенин билдирип, телефон чалып же маалымат жөнөтүп, жашыруун коддорду атоону суранып, айрым маалыматтарды алуу үчүн жарандарды алдоого аракет кылышат.

Каржылык мекеменин атынан интернет шилтемеси бар SMS алсаңыз, шилтемени ачпаңыз жана SMSке жооп бербеңиз. Чабуулчулардын максаты - адамды жөнөтүлгөн шилтемени ачууга жана жашыруун кирүү коддоруңузду билип алууга аракет кылышат.

Банктар же кандайдыр-бир каржы институттары шилтемелер менен SMS жөнөтүшпөйт.

Кылмышкерлер алдамчылыктын бардык жаңы түрлөрүн ойлоп табат.

Мисалы, сизге уюлдук компаниянын инженеримин, уюлдук байланыш оператору болом деп өзүн тааныштырган адамдан телефон чалуу келет. Анан алар уюлдук линияны текшерип, сандар менен символдордун комбинациясын басууну суранышат.

Алар сунуштаган сандарды же символдорду баспаңыз. Бул сиздин акча каражатыңыз сакталуучу картаңызга кирүү аракети болушу мүмкүн. Мындай учурларда, сиз дароо сүйлөшүүнү токтотушуңуз керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД