Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Темиралиев Умбриэль Темиралиевич президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган агенттиктин буга чейинки жетекчиси Равшанбек Сабиров өз каалоосу боюнча ээлеген кызматынан бошотулду.