"Антиконтрафакт" форумунун алкагында этно-көргөзмө ачылды

"Антиконтрафакт" Х эл аралык форумунун алкагында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында салттуу прикладдык искусствонун этно-көргөзмөсү жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-сатуусу өтүүдө.

Ошондой эле бардык каалоочулар үчүн мастер-класстар уюштурулат.

Белгилей кетсек, форумдун расмий ачылышы КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда өтөт.

"Антиконтрафакт" Х эл аралык форуму өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо маселелерине арналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД