Өткөн жумада мас абалда унаа башкарган 300дөн ашуун айдоочу кармалды

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы акыркы бир жумада республикада 12 миңден ашуун жол эрежесин бузуу аныкталганын билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат.

Акыркы жумада республикада 12648 жол эрежесин бузуу аныкталды. Алардын ичинен:

- транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашкандыгы үчүн – 3189;

- транспорт каражаттарын тиешелүү документи жок башкаргандыгы үчүн – 193;

- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 4096;

- Автоээнбаштык – 5;

- жөө жүрүүчүлөрдүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 421;

- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 80;

-жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 3735;

-айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 40;

-мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 303;

-унаа токтотуучу жайга коюлду – 842.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат.

Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД