Ала-Бука районунда жетим балдардын үй-бүлөлөрүнө жардамдар көрсөтүлдү

Жалал- Абад облусунун Ала- Бука районунун аймагындагы томолой жана жарым жетим балдардын үй-бүлөлөрүнө "Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы" тарабынан жардамдар көрсөтүлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 48 үй-бүлөгө 25 кг ун, 25 кг күрүч, 10 л өсүмдүк майы, 15 кг макарон, кумшекер, печенье, сүт, курма жана башка азык-түлүк жана таттуу түрлөрү берилди.

"Пайгамбарыбыз (с.а.в) ким жетимге жакшы мамиле кылса, бейиште мени менен кошуна болот" деген. Биз канчалык аракет кылып, жардам колун сунсак да, баары бир ата-энесинин ордун толтура албайбыз. Максатыбыз аз болсо да жүздөрүнө жылмаюу тартуулоо жана жакындарына жардамдашуу. Ичинде жетим жашап, ага жакшы мамиле кылынган үй – Алланын даргөйүндө эң кайырдуу үй деген маанидеги хадис да бар. Алла Таала жетим балдарды асырап, аларга ата-энелик кылып жаткандардан ыраазы болсун", – деп билдирди Ала- Бука районун баш имам хатиби Шумкар ажы Чыналиев.

Шумкар ажы ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясынын жетекчилигине да терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД