Бишкекте Баткенден келген жарандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын жарандарынын Баткен облусунан Бишкек шаарына жана Чүй облусуна көчүп келишине байланыштуу 2022-жылдын 20-сентябрынан тартып үй-бүлөлүк медицина кызматкерлери тарабынан Баткен облусунан келген жарандарга консультация жана медициналык жардам көрсөтүү үчүн Кожомкул атындагы спорт ордосунда дарылоо борборлору уюштурулган.

Үч күндүк иштин жыйынтыгы боюнча медициналык кызматкерлерге 624 адам кайрылган, алардын ичинен 95 бала, анын ичинде 1 жашка чейинки балдар – 6, кош бойлуу айымдар - 13, 16 адам Улуттук госпиталга, Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага жана төрөт үйлөрүнө жаткырылган, 487 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Жарандардын жайгаштырылган жери боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардам деңгээлинде медициналык жардам көрсөтүү улантылууда, бардык үй-бүлөлүк медицина борборлорунда аймактык негизде жана аларды каттоодон өткөрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Борбор калаадагы үй-бүлөлүк медицина борборлоруна 229 адам кайрылган, алардын ичинен 87 бала, анын ичинде 1 жашка чейинки балдар – 19, 5 жашка чейинки балдар - 31, кош бойлуу айымдар - 15, 37 адам каттоого алынган, 2 бейтап Улуттук хирургиялык борборго жана Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага жаткырылган, 3 адам Аялзат борборуна жайгаштырылган, 55 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн, милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча программасы боюнча рецепттер 12 адамга жазылган.

Мындан тышкары, шаардык ооруканалар дагы жардам көрсөтүүдө. Шаардык медициналык тез жардам клиникалык ооруканасына 15 адам кайрылган, анын ичинен Улуттук госпиталга -1 адам, аскер госпиталына – 1 адам которулган, амбулатордук дарыланууга жиберилген – 2 адам, 1 адам ооруканадан чыгарылган, 10 бейтап стационардык дарыланууну улантууда. Шаардык балдардын тез жардам клиникалык ооруканасында 2 бала дарыланууда, алардын абалы туруктуу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД