Кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн жаш баланы таап беришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын 23-сентябрда болжол менен саат 21:50 чамасында "102" кызматына Лермонтов жана Көлбаев көчөлөрүнүн кесилиши тарапта жаш бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1999-жылы туулган К.Б. аттуу жаран өзүнүн 10 жаштагы бир тууган иниси үйүнөн ойноп чыгып, таппай жүргөндүгүн кабарлаган.
Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде адашып жүргөн инисин "Арзуу" кафесинин жанынан таап, туугандарына сак-саламат жеткирип беришкен.
Жоголгон баланын жакындары кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.