Чек ара боюнча жалган маалымат тараткандар Баткенде кызмат өтөйт

Президент Садыр Жапаров чек ара боюнча жалган маалымат тараткандарды Баткенге кызмат кылуу боюнча тапшырма берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев соцтармакта билдирүү калтырды.

"Президент Жапаров коргоо министрине "Кыргызстан чек ара заставаларын алып салды, жерлерибизди берип салды" деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын "резервдик ротага" мобилизация кылып, Баткенге алып барып курал-жарак берип, аскерлер менен заставаларда делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла",- деген тапшырманы берди.

Эгер бир метр жерибизди берип жаткан болсок, дал ошол жерге барып "мына ушул жерибизди берип жатышат" деп айтып чыгышсын. Жалган маалыматтарды тараткандар өздөрү барып, өз көздөрү менен көрүп турушсун.

Эки жак тең бири-бирине бетме-бет жакын жайгашкан заставаларды алып салышты. Анткени ал жерлерде дайыма болор-болбос эле нерселерден ок атышуулар башталып, чоң кагылышууга айланып кеткен учурлардан улам эки жак сүйлөшүп, ушундай чечимге келишти.

Бир дагы пост ачылган жок. Делимитация, демаркация маселеси чечилип бүткүчө чек ара посттору ачылбайт.

Бул протокол Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процесси толук аяктаганча, убактылуу болуп эсептелет.

Ал эми "жерлерибизди алып коюшат" деп күмөн санаган жарандарыбызга айтаарыбыз, азыркы чек ара боюнча ар бир метр жерди эки тарап тең абдан жакшы билишет. Биздин жергиликтүү эл жана чек арачыларыбыз эч качан бир метр жерди да бербейт.

Андан сырткары, ар бир чек ара тилкелерибиз спутник, учкучсуз учуучу аппараттар жана дрондор аркылуу 24 саат бою кайтарууда болот.

Аскерлерибиз жана жергиликтүү калкыбыз коопсуз жерлерден байкап турушат. Андыктан бул маселеде сарсанаа болууга эч бир негиз жок", - деп жазган ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД