Оштогу жатак абакта Мамлекеттик тил күнү белгиленди

№42 жатак абагында Мамлекеттик тил күнү белгиленди. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Ош шаарындагы №42 мекемесинде Манас тилин өнүктүрүүгө арналган иш-чара болуп өттү.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргыз ССР Жогорку Совети кыргыз тилинин мамлекеттик статусун бекиткен мыйзам кабыл алган. Бул чечим 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланган.

Мындай бийик макамдын берилиши адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошол эле учурда коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүгө, эне тилдин баркын көтөрүүгө чоң кадам болду.

Майрамдын алдында №42 мекеменин кызматкерлери жана андагы соттолгондор арасында атайын иш-чара өткөрүлдү. Анда кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча лекция окулуп, поэтикалык ыр саптары аткарылып, патриоттук концерт тартууланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД