COVID-19: Өткөн жумада жаңы 85 учур катталды

Кыргызстанда бир жумада, 19-25-сентябрда, COVID-19дун жаңы 85 учуру катталган. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, 13 адам ооруканага жаткырылган, калган 72си амбулатордук дарыланууда.

2022-жылдын 38-жумасына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.

2022-жылдын 8 ай 25 күнүндө COVID-19дун 21 335 учуру катталган, анын ичинде 19 328 (90,6 учур лабораториялык түрдө жана 2007 учур (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД