"Ата-Бейитте" курман болгон аскерлерге арналып эстелик орнотулат

"Ата-Бейит" Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде кыргыз-тажик чек арасында курман болгон чек арачыларга арналып эстелик орнотулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров чек арада курман болгон үч чек арачы – Шерали Анаркулов, Санжарбек Анаркулов жана Жаңыбай уулу Тилектин тажыясында билдирди.

Аталган үч чек арачы танк экипажынын мүчөлөрү болуп, куралдуу кагылыш учурунда танктын ичинде тирүүлөй күйүп кетишкен.

"Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек араны коргоодо аскердик милдетин өтөө учурунда курман болгон аскер кызматчыларынын элесин түбөлүккө калтыруу максатында эстелик орнотулат", - деди ал.

Эскерте кетсек, кыргыз-тажик чек арасында Тажикстандын агрессиясынан улам чыккан куралдуу кагылышта Кыргызстан тараптан 62 киши, анын ичинде 40 аскер кызматкери курман болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД