Орусия мобилизацияга жаткандарды чек арадан чыгарбай турган болду

ФСБнын Курган жана Тюмень облустары боюнча чек ара башкармалыгынан кабарлашкандай, Россия менен Казакстандын чек арасында мобилизацияга алынган орусиялыктарды өткөрүү аракеттери токтотулду. Кетүүгө аракет кылгандарга аскер комиссариатына кайрылуу зарылдыгы түшүндүрүлгөн. Бул тууралуу kommersant.ru жазып чыкты.

"Биз аларга аскер комиссариатына кайрылуу керектигин билдиребиз, чек арадан өткөрбөйбүз. Эмне үчүн өтпөө тууралуу мындай чечим кабыл алынгандыгы тууралуу бардык суроолор боюнча, аскер комиссариатына кайрылууңуздар керек ", - деп түшүндүргөн департаменттен.

Башкармалык Казакстан менен чек аранын Курган тилкесинде абал тынч экенин, түштөн кийин унаалар топтолуп жатканын, бирок "10-15 унаадан турган кезек эң көп экенин" кошумчалады.

Орусияда 21-сентябрдан тарта Владимир Путиндин жарлыгы менен жарым-жартылай мобилизация жарыяланды. Мунун фонунда Казакстандын чек ара кызматы өлкөгө кирген орусиялыктардын саны көбөйгөнүн белгилеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД