Тажикстандан 9 кап насвайды мыйзамсыз алып келмекчи болгон жаран кармалды

Баткен чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракетине бөгөт коюшкан. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Олжо жерлигинде кызмат өтөө учурунда чек ара кезмети тарабынан Кыргызстандын 2001-жылы туулган Т.М. аттуу жаранынын башкаруусундагы "Тойота-Эстима" үлгүсүндөгү унаа кармалган.

"Унаадан 9 кап насвай табылган. Айдоочу насывайды Тажикстандан Кыргызстанга андан ары сатуу үчүн мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган", - деп белгилешти Чек ара кызматынан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан соң кармалган айдоочу жана жүк мындан ары иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүп берилди.

КР УКМКнын Чек ара кызматы аткезчилик менен алектенип, муну менен республиканын чек ара мыйзамдарын бузган жарандарга карата катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД