Боомдо 2,5 чакырым узундуктагы шпалдар алмаштырылды

Боом капчыгайында шпалдарды толук алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

"Кыргыз темир жолу" МИнин жол чарба филиалынын жетекчиси Нурбек Куралиев билдиргендей, Боом капчыгайында Коямат-Куркол участогунун 148-жол айрыгында жыгач шпалдарды Фоссло бекиткичи менен темир-бетон шпалдарга толук алмаштыруу боюнча жолду күчөтүлгөн орточо оңдоо иштери жүргүзүлдү.

"Учурда 2,5 чакырым узундуктагы шпалдарды алмаштыруу иштери аткарылды. Жумушка 100дөн ашык жумушчу жана 10 инженердик техника тартылган", - деди ал.

Иш-чара "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын 2022-жылга карата оңдоо иштеринин планына ылайык өткөрүлдү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД