Мыкты тажрыйбалар боюнча мектеп мугалимдери арасында сынак өтүүдө

ЮНЕСКО "EdNet" билим берүүнүн сапатын камсыздоо агенттиги менен биргеликте Туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү (ТӨБ) темаларын билим берүү жараяны менен айкалыштыруу жаатындагы мыкты тажрыйбалар боюнча мектеп мугалимдеринин арасында сынак өткөрүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сынакка Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан мектеп мугалимдери катыша алат.

Сынактын мөөнөтү: биринчи этап – материалдарды кабыл алуу 2022-жылдын 30-сентябрь, саат 23:59га чейин.

Эң жакшы жыйынтык көрсөткөн 20 катышуучу ноутбук жана башка баалуу сыйлыктарга ээ болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД