Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети 2021-жылга карата чарбалык субъектилердин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча 21 669 экономиканын реалдуу секторунун ишканаларынын рейтингин түздү.
Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жыйынтыкталган рейтинг беш көрсөткүч боюнча түзүлдү:
1. Кызматкерлердин тизмелик саны;
2. Продукциялардан, товарлардан, жумуштардан, кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча (жүгүртүү);
3. Продукцияларды, товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү өткөрүүдөн түшкөн дүн киреше жана башка операциялык кирешелер (түшкөн акча + башка операциялык ишмердиктен киреше – сатылган товарлардын наркы);
4. Операциялык ишмердиктен түшкөн пайда, чыгым;
5. Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык (пайдадан чыгаша кемитилет).