Мектеп директорлорун тандоо: Талас менен Чүйдө экинчи айлампа башталды

Бүгүн, 27-сентябрда, Талас жана Чүй облустарынын мамлекетик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун экинчи айлампасынын компьютердик тестирлөөсү өткөрүлөт.

Талас облусу

Ваканттык орундардын саны - 46.

Компьютердик тестирлөө Талас мамлекеттик университетинде өтөт.

Бир күндө 3 нөөмөттө өтүп, ар бир нөөмөткө 46дан талапкер катышат.

Чүй облусу

Ваканттык орундардын саны - 86.

Компьютердик тестирлөө И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт.

Тестирлөө бир күндө 3 нөөмөттө өтөт. Биринчи, экинчи нөөмөттө 100дөн, ал эми үчүнчү нөөмөттө 58 талапкер катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД