Баткенге жалпы 1,5 миң тонна гумжардам жеткирилди

Баткен облусуна жалпы 1500 тонна 637 кг гумжардам жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен 265 тонна 717 кг ӨКМ тарабынан, 1036 тонна 62 кг жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген.

Учурда кампада 198 тонна 3 кг гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 129 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда.

Алар:

- Ош облусунда – 44

- Жалал-Абад облусунда – 13;

- Нарын облусунда – 6;

- Ысык-Көл облусунда – 53;

- Чүй облусунда – 8;

- Ош шаарында – 1;

- Бишкек шаарында – 4.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД