Кассалык чек берилбегендиги боюнча 11 миңден ашык даттануу келип түштү

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереянын активдүү катышуучуларынын аркасында Мамлекеттик салык кызматы салык мыйзамдарын системалуу түрдө бузган бир катар ишкерлерди аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

10-майдан тартып, башкача айтканда Салык кызматынын лотереясы расмий ишке киргизилген күндөн тартып "Салык чек" мобилдик тиркемеси аркылуу лотереянын катышуучуларынан 11 миң 162 даттануу келип түшкөн. Алардын көпчүлүгү буга чейин иштелип чыккан.

Даттанууларда негизинен кассалык чектердин берилбегендиги жана ККМдин жоктугу, ошондой эле чектерди иштеп чыгуудагы жана тиркемеден ID-билеттерди берүүдөгү каталар көрсөтүлгөн.

Бүгүнкү күндө лотереянын катышуучуларынын жардамы менен салык мыйзамдарынын талаптарын четке кагып, сатып алуучулар менен эсептешүүдө кассалык чек беришпеген 75 субъект аныкталды.

Алсак, Бишкек шаарындагы "Мегасити" дүкөндөр тармагына 141 даттануу, "Оптовые цены" дүкөнүнө – 125, "Шекер" – 49, "Сити Маркет " – 35, "Мега косметикс" – 19, "Метро" – 28, "Бимар" – 26, "Ак куш" – 16, "Бекбекей" – 17 даттануу, ал эми "Реалист", "Финик", "Береке+", "Кампа", "Любимый", "У дома" дүкөндөрүнө – 25тен, "Бум", "Ми стор", "Я мама" – 12ден даттануу келип түшкөн. "Фаиза" кафесинин тармагына жарандар 46 жолу, "Буфет" – 24, "Осмон Кебаб" – 18, "Гурман" – 17 жолу арызданышты.

Ош шаарында "Акниет" дүкөндөр тармагына 67 даттануу, "Корзинка" дүкөнүнө – 12, "Алай" кафесине – 14, "Лаваш борбору" – 14 даттануу түшкөн.

Ушундай эле даттануулар республиканын башка региондорунда жайгашкан дүкөндөргө жана коомдук тамактануу жайларына карата келип түшкөн.

Салык органдары мыйзам бузуучуларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик жаза чараларын көрүшкөн.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-октябрында "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереяны ойнотуунун экинчи этабы өткөрүлөт, анда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 1 авто унаа, 11 iPhone, 10 смартфон, 16 даана ар кандай тиричилик техникасы ойнотулат.

Утуш оюну саат 16:00дө башталат жана "Ала-Тоо 24" телеканалында, ошондой эле Салык кызматынын Youtube жана Facebook баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Лотереяга катышуу үчүн смартфонуңузга "Салым чек" мобилдик тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүү жана тиркеменин сканери аркылуу алынган кассалык чектердин QR-кодун сканерден өткөрүү зарыл.

Ар бир товар же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алган сайын кассалык чек талап кылыңыз, катышыңыз жана утуп алыңыз!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД