Бишкекте коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бир айлык өтүп жатат

Бишкек шаарынын аймагында жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бир айлык өтүп жатат.

ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ага ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматтарынын, башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, өз алдынча бөлүмдөрүнүн, окуу жайларынын жана атайын багыттагы полкунун кызматкерлери, ички аскерлердин аскер кызматчылары коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо үчүн тартылып, Бишкек шаарында түнкү кайгуул кылуу менен бир айлыкты белгилөөгө катышууда.

Милиция кызматкерлери тарабынан калк арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жарандардын коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу, укук тартибин чыңдоо, көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда мыйзам бузууларга бөгөт коюу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД