Бишкекте баңгизат чеккен айдоочу кармалды. Анын жанынан баңгизат да табылды

Кайгуул кызматкерлери мыйзамсыз баңгизат каражаттарын колдонгон айдоочуну кармашты. Анын жанынан баңгизат табылды.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын 25-сентябрында кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуулда жүргөн учурда, болжол менен саат 21:30 чамасында Тунгуч кичи районунан мурда жол кырсыгын каттатып, окуя болгон жерден качып кеткен "Хонда Цивик" үлгүсүндөгү автоунаанын 1979-жылы туулган А.Т. аттуу айдоочусун кармашкан.

Кызматкерлер автоунааны убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтоткон учурда, айдоочунун жанынан 3,85 грамм өсүмдүк баңгизаты табылып, айдоочу аны ыргытып качканга аракет кылган. Ошондой эле наркология бөлүмүнөн текшерген учурда, айдоочу баңгизаттык заттарды колдонгондугу аныкталган.

Бул факты боюнча кармалган жаранды Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн жеткиришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД