Кыргызстандын Кытайдагы элчиси кызматынан бошотулду

Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Бактыгулова Канайым Джумадиловна Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Пекин шаарындагы резиндециясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров дагы бир Жарлыгы менен Мусаева Актилек Ишенгазыевнаны Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД