ӨКМ: Баткенде курулуш иштерине 50 куткаруучу тартылды

Баткенде курулуш иштерине 50 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу чыккан алгачкы күндөн тарта ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Жергиликтүү элди эвакуациялоо, убактылуу жайгаштыруу пункттарына жана азык-түлүк таратуу жумушун жүргүзүп жатат. Кечээ, 26-сентябрдан тарта 50 куткаруучу тартылып, Лейлек районунун Достук, Борбордук айылдарында үйлөрдү тазалоо иштерин колго алышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД