Орусиянын эмгек сиңирген артисти Борис Моисеев 68 жашында көз жумду. Бул тууралуу ырчынын арт-директору Сергей Горохтун билдиргенине таянып РИА Новости жазып чыкты.
"Ооба, ошондой. Бүгүн саат 2де", - деп айткан ал.
Коштошуу жана акыркы сапарга узатуу зыйнатынын датасы азырынча тактала элек.
Ырчы, бийчи жана балетмейстер Борис Моисеев 1954-жылы 4-мартта Беларуста туулган.