
Кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү Чүй электр тармактар ишканасына 23 000 сомго айып салды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Чүй электр тармактар ишканасынын кызматкерлери жолдо казып иштөө учурунда коопсуздук эрежелерин сактабагандыгы жана тийиштүу жол белгилерин койбой иш алып баргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Укукбузуулар кодексинин 178-берененин 1-бөлүмүнө ылайык, (Калктуу конуштардагы жолдордо жумуштарды жүргүзүү, жолдорду, темир жол өткөөлдөрүн жана жол курулмаларын күтүү боюнча талаптарды, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелеринде белгиленген башка талаптарды аткарбоо) тийиштүү протокол толтурулуп, 23 000 сомго айып салынды.