Чүйдө абактын ичине баңгизат ыргытмакчы болгон жаран кармалды

№3 түзөтүү мекемесине тыюу салынган буюмдарды өткөрүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 28-сентябрында саат 01.45 чамасында Новопокровка айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын №3 түзөтүү мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын СБНОН менен Чүй облусунун ИИБнын СБНОН кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн "Канал-Неман" операциясынын жүрүшүндө мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракетинин дагы бир жолу токтотулду.

Жүргүзүлгөн профилактикалык ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, түштүк тарабынан мекемеге скотч менен оролгон 3 таңгакты ыргытууга аракет кылган учурда Кыргыз Республикасынын жараны Ш.У.Ж кармалган.

Ал таңгактын ичинен кара-жашыл түстөгү, гашишке окшош, өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 1 кг 70 граммды түзгөн зат болгон.

Бул факты Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, кармалган адам жана чогултулган материалдар кошумча тергөөгө өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД