Чүйдө бөтөлкөлөшүнө бычак сайган жаран кармалды

Москва районунда бөтөлкөлөшүнө бычак сайган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрда милицияга Москва райондук ооруканага бычактан жаракат алган жаран жаткырылгандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн. Анын негизинде ыкчам тергөө тобу жерине барып, жаракат алган адам 1979-жылы туулган Я.А. аттуу жаран экенин аныктаган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолука оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ошол эле күнү аталган кылмышка шектелип 1992-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул адамдар чогуу спирт ичимдигин ичип отуруп, ортодогу чырдан улам окуя келип чыкканы аныкталган.

Учурда окуяга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, күбөлөр суралып, окуянын жагдайын толук кандуу аныктоого багытталган тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД