Таласта милиция зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иштерди аткарууда

Талас РИИБдин кызматкерлери зордук-зомбулуктун алдын алууда. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас районунун милиция кызматкерлери көчмө кабылдама менен Көк-Ой айылындагы Т.Кушчубаева атындагы жана Т.Казаков атындагы орто мектептерде билим алып жаткан жаш өспүрүмдөргө зордук зомбулук боюнча лекция өтүштү.

Жаш өспүрүмдөрдүн кылмыш жоопкерчилиги, укук бузууларга карата жоопкерчиликтери тууралуу түшүндүрүп, эскертүүлөрдү беришти. Кандайдыр бир кылмыштуу аракеттерге аралашып калган болсо, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылаарын белгилешти. Андан тышкары өспурум улан кыздарга зордук зомбулуктун курмандыгы болуп калбаш үчүн тааныбаган, айрыкча интернет булактарындагы социалдык тармактардан таанышууларга жана азгырыктарга жол бербөө керектигин айтышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД