"Кыргызалтын" ишканасынын директорлор кеңешине жаңы төрага шайланды

Сүйөркул Бакиров "Кыргызалтын" ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Мындай чечим "Кыргызалтындын" акционерлеринин 27-сентябрдагы кезексиз жыйынында кабыл алынганын ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Тилек Мамбеталиевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Мындан тышкары жыйындын жүрүшүндө директорлор кеңешине жаңы мүчө - Кубат Абдраимов шайланды.

Сентябрь айынын башында "Кыргызалтын" ишканасынынын башкармалыгынын курамы дагы өзгөргөн. Башкармалыктын төрагасы болуп Элдияр Калдарбеков дайындалган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД