
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги социалдык тармактарда Москва шаарынын райондорунун биринин жол-кайгуул кызматынын кызматкери кызмат учурунда чет өлкөлүк жарандын дарегине адепсиз сөздөрдү колдонуу менен аскер комиссариатына барууну талап кылган видеого байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.
Учурда Элчилик окуянын чоо-жайын тактоо жана анын катышуучуларынын өздүгүн аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.
Кыргыз Республикасынын жарандарынын бул окуяга катышкандыгы тастыкталган учурда, Элчилик алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт.