
Айдоочу, сак болуңуз! Талас ОИИБдин ЖКККБнын кызматкерлери Талас районуна караштуу Тараз-Талас-Суусамыр автожолунда малдын катышуусунда жол кырсыктарынын алдын алуу максатында аракеттерди көрүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ошондой эле Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун жээгинде жайгашкан айылдардын тургундарына эскертишти.
Мал жандыктарды кайтарып жургөн малчыларга жол транспорт унааларына тоскоолдук жаратпаш үчүн жана кырсыкка учурап калбаш үчүн эрежелерди айтып берди. Малчыларга жана айыл тургундарга эскертишип, мал жандыктарын күндүз жана түнкүсүн кароосуз калтырбай, эл аралык жолдон алысыраак жайыш керектигин айтышты.
Ошондой эле жайлоолордон көчүп келе жаткан малчыларга кечкисин жарыкты чагылдыруучу ленталарды байлоосун жана Өтмөк ашуусунан өзгөчө кылдаттык менен өтүүсүн суранышты. Ал эми айдоочуларга, өзгөчө такси кызматтарына унаа аралыгын, ылдамдыкты жана жол эрежесин сактоого чакырышты.