Жумгалда опузалап акча талап кылган деп УКТ мүчөсү кармалды

Опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Жумгал районунун 1964-жылы туулган тургуну А.К. ички иштер органдарына арыз менен кайрылган. Себеби, 2022-жылдын май айында "К" аттуу жаран жабырлануучунун үйүнө келип, ар кандай шылтоолорду айтып, 60.000 (алтымыш) миң сом акча каражатын опузалап талап кылып, бербесе башкача жол менен аламын деп коркуткан. Жабырлануучу акча жок экендигин айткан учурда 45.000 миң сом бересиң деп кеткен жана коркконунан 30.000 сом алып барып бергенин билдирип, "К" аттуу жаранды таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты 2022-жылдын 5-сентябрь күнү Нарын ОИИБи тарабынан каттоого алынып, кылмыштын белгилери байкалгандыктан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ( Опузалап талап кылуу) менен иш козголгон.

ИИМдин КИББдин 3–башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмыш иши боюнча шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал Жумгал районунун тургуну 1983-жылы туулган С.К. аттуу жаран экендиги маалым болгон. Шектүү жаран тергөө кызматына жеткирилген. ИИМдин КИББдин 3-башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн маалыматы боюнча шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД