Кайгуул милициясы суу түтүктөрүнүн ачык калган капкактарын жаптырууда

Кайгуул кызматынын сунушу менен ачык калган суу түтүктөрүнүн капкактары жабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнө Осмонкул көчөсүндө жер астынан өткөн суу түтүктөрүнүн капкактары ачылып, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө коопту абал туудуруп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Бул маалымат боюнча кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү жеринен кароо иштерин жүргүзүп, эртеси "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык иш канасына тийиштүү сунуштамаларды берип, ошонун алкагында кемчиликтер орундалып, суу түтүктөрүнүн капкактары жабылды.

Эгерде ушунда жол коопсуздугуна байланыштуу көйгөйлөр байкалган учурда кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнө же 0509102 122 "WhatsApp" номуруна сүрөт видео тасма менен жөнөтсөңүздөр болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД