УКМК: Алтынбек Сулайманов кармалган жок

Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Алтынбек Сулайманов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

УКМКнын маалыматына ылайык, Сулайманов суракка дагы чакыртылган эмес.

Белгилей кетсек, айрым ЖМКлар Алтынбек Сулайманов УКМК тарабынан өткөн түнү кармалып, ушул убакка чейин суракта экендигин жазышкан болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД