
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, иш сапары менен Түркия Республикасынын Бурса шаарына барды. Бул тууралу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы Изник шаарында (Түркия Республикасы) өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине барат.