
Президенттин Ысык-Көл облусундагы мурдагы өкүлү Алтынбек Сулайманов Фейсбуктагы жеке баракчасына суракка чакырылбаганын жазды. Ал "Мени эч ким суракка чакырган жок, кабатыр болбоңуздар. Колдооңуздарга чоң рахмат!",-деп жазды.
Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитети Сулайманов бир суткадан бери атайын кызматта сурак берип жатканы тууралуу маалыматтарды четке каккан.