
Россиянын президенти Владимир Путин Херсон жана Запорожье облустарын көз карандысыз аймак деп таануу боюнча жарлыктарга кол койгонун укуктук маалыматтын расмий интернет-порталы билдирди.
"Эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптерине жана нормаларына ылайык, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген элдердин тең укуктуулугу жана өз тагдырын өзү аныктоо принцибин тааныган жана ырастаган, Херсон облусунун элинин эркин эске алуу менен 2022-жылдын 27-сентябрында өткөн референдумда мен чечем: Херсон облусунун эгемендүүлүгү жана көз карандысыздыгы таанылсын", - деп айтылат документте.
Ушундай эле экинчи жарлык Запорожье облусунун суверенитетин жана көз каранды эместигин таануу жөнүндө.
Бүгүн Кремлде төрт жаңы аймактын – Донецк жана Луганск элдик республикаларынын, ошондой эле Херсон жана Запорожье облустарынын Орусияга кирүү боюнча келишимдерге кол коюу аземи болоору белгилүү болгон. Ага Путин жана парламентарийлер катышат.