Бүгүнтөн тарта Бишкектеги фонтандар токтотулат

30-сентябрдан тарта борбор калаада фонтандарды өчүрүү жана кышка даярдоо пландалып жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, суу өчүрүлгөндөн кийин "Тазалык" муниципалдык мекемесинин кызматкерлери тазалоо иштерин башташат.

Октябрдын аягына чейин фонтандарды кышка толук даярдоо пландалып, ноябрь айында насос, электр кыймылдаткычтарын, суу түтүктөрүн, электр панелдерин капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери башталат.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансында 16 фонтан комплекси бар.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД